Бүгүн, 13-декабрда абакта жаткан эск-депутат Өмүрбек Текебаев ден-соолугуна байланыштуу Улуттук кардиология борборуна которулду. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын маалымат каражатынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал дарыгерлердин тыянагы менен бүгүн, ооруканага алып келинген.
Эске сала кетсек, “Ата Мекен” фракциясынын экс-лидери Өмүрбек Текебаев Бишкек шаарындагы №47-колонияда жазасын өтөөдө. Мурда ал ден-соолугуна байланыштуу бир нече жолу Улуттук кордиология борборунан дарыланган. Ө. Текебаев “орусиялык ишкерден 1 миллион доллар акча алды” деген айыптын негизинде 2017-жылы камакка алынган. Өзү болсо бардык айыптарды четке кагып, муну саясий куугунтук катары баалап келет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ