Акыркы бир жуманын ичинде Казакстанда коронавирус инфекциясынан 76 бейтап каза болду. Ушу тапта атайын комиссия дагы «110го жакын» бейтаптын өлүмүнүн себептерин аныктап жатат. Бул тууралуу 7-июлда өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой брифингде билдирди.
«Акыркы бир жумада бизде 76 киши каза болду. Атайын комиссиянын карамагында дагы 110го жакын учур бар, алардын эмне себептен өлгөнү аныкталууда», — деди министр.
Цойдун айтымында, каза болгондор көбөйгөндүктөн, комиссия «бейтаптар тууралуу маалыматтарды иштеп чыгууга жетишпей жатат».
«Буга чейин күнүнө бир-эки бейтап өлүп жаткан. Азыр көп болуп, комиссия мүчөлөрү жетишпей калууда», — деди министр.
Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда илдетке чалдыккандар 49,6 миңге жетти. 16,2 миң киши айыгып чыгып, 264 бейтап каза болду.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ