Menu

Өмүрбек Суваналиев, генерал: “Мен эч качан кримтөбөлдөр менен бир столго олтурбайм, сүйлөшпөйм, мен аларды түрмөгө олтургузгам”

Бөлүшүү:

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев менен жолугуп, сүйлөшкөн эмес. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

“Мен эч качан уюшкан кылмыштуу топ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн эмесмин, алар менен чогуу бир столго отурган эмесмин, отурбайм дагы. Эсиңиздерде болсо, мен аларды камагам”, – деди Суваналиев.

“Мен чынында эле Камчы менен жолуктум. Бирок ал Камчы Ташиев болчу. УКМКнын башчысы Германиядан келгенден кийин дароо Баткенге келди”, – деди ал.

Белгилей кетсек, 30-апрелде, чек ара жаңжалы болуп жаткан учурда айрым ЖМКлар кримтөбөл Камчы Көлбаевдин Баткенге барганын жазып чыгышкан. Ал Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин иш бөлмөсүнө кирип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү айтылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: