Асыресе, дээрлик сая сый күчтөрдүн көпчү-лүгү жаңы бийликке кошомат кылып, кызмат алууга жандалбас урушууда. Кечээ Сокенин талапкерлигин КСДП колдоп чыкканда сын айтып, күлкүлүү жорук катары сыпаттап жаткандар бүгүн ийиле төшөлүп, ыгы келсе-келбесе да өздөрүн пиар кылуу менен Жээнбековдордун көзүнө көрүнүүгө шыкакчы болуп жаткандары жалганбы? Саясый сойкулуктан бийик турган айтылуу «Комиссар Каттани» менен президенттик шайлоодо үлкөн добуш топтогон Адахан Мадумаров ушул күндөрү бир катар саясый күчтөрдүн башын кошуу менен бийликке каршы катыла турушканы каңкууланды. Баарынан кызыгы, өткөн шайлоодогу негизги фаворит Өмүрбек Бабановдун жарым миллиондон ашуун добушу менен күчтүү командасын бүгүн генерал Суваналиев өзү башында турган оппозициялык күчкө «буруп кетсе» кырдаал болушунча курчуп, саясый майдан кызый турганы эмитен кеп болууда. Аныгында дал ушул эки саясатчы тең артында шакмары жок таза экенин эске алганда, булардын жүрүшү бүгүнкү бийликти күзгө карай катуу солкулдатып койбойбу? Баарынан да бул күчкө Жээнбековдорго «жаралуу арстан» сымал тиш кайрап жаткан Атамбаев кошулуп кетсечи? Анда Акүйдү буларың күзгө карай «күм-жам» кылып коюшпайбы? Кыскасы, ири интригалар алдыда…
Ийгилик Болсунбаев
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ