Кечээ, 17-декабрда парламенттин профилдик комитетинин отурумунда КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Жеңишбек Ногойбаевге кайрылуу жасады:
«Жеңишбек Ашымкулович, бүгүн өкмөттүн буйругу менен бул кызматка келдиңиз, тактап айтканда министрдин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалдыңыз. Орусча айтканда, и. о. болуп олтурасыз. Сиз кандай отурасыз, кайда отурасыз, деги бекем отурсаңыз болду, анткени акыркы транспорт министрлигиндеги президентибизге чейин жеткен маселеден кийин, ал жактын баары «мушкада». Сиз «пороховой бочканын» үстүнө отургандай болосуз да, жада калса телефон менен дагы ээн эркин сүйлөшө албайбыз. Эң коррупцияланган мекеменин башычысы болдуңуз. Мен муну душманыма дагы каалабайт элем, эми абай болуңуз» – деп эскертти Рыскелди Момбеков.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ