15-декабрь күнү Ош шаарында азан айтуу боюнча облустук сынак өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.
Сынакта Ош облусунун райондорунан жана Ош шаарынан тандалган 32 катышуучу ат салышты. Жыйынтыгында, 1-орунду Кара-Суу районунун тургуну Нурбек Орунбаев жеңип алды. 2-орунду Ноокат районунун тургуну Толкунбек Камбаров, ал эми 3-орунду Ош шаарынын тургуну Санатбек Сулайманов жеңип алды. Жеңүүчүлөр баалуу телефон, планшеттер жана кийинки жылы Бишкек шаарында өтүүчү республикалык азан айтуу боюнча сынакка жолдомо алышты.
Иш-чарага “Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков, белгилүү диний аалым Садыбакас Доолов, ырчы Турдакун Ниязалиев, төкмө акын Идрис Айитбаев катышып, акыл-насаатарын айтышкан.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ