Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде жеке адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин фактылары боюнча жарандардын арыздарын жана кайрылууларын кароо үчүн атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу дипломатиялык департаменттин басма сөз кызматы билдирди.
Атайын комиссия тарабынан 20 алдамчылык фактысы аныкталганы такталды.
«Он эки адам кыргызстандыктарды чартердик рейстердеги жүргүнчүлөрдүн катарына акчага кошууга убада кылышты. Жабырлануучуларга жалпы суммасы 435 миң 700 рубль материалдык чыгым келтирилген. Үч кылмыш иши козголгон, дагы алты факты боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси чечилип жатат. Жабырлануучулардын көпчүлүгү материалдык зыяндын ордун толтургандан кийин талаптарын кайтарып алышты. Кылмышкерлерди жоопко тартуу мүмкүн болгон жок», – деп билдиришти элчиликтен.
Дипломатиялык өкүлчүлүк кыргыз эли оозеки түрдө алдамчылык аракеттерди жарыялаган, бирок Россия Федерациясынын укук коргоо органдарына арыз жазуудан баш тарткан учурлар бар экендигин белгилейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ