Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү кыргыз кыздарына карата зордук-зомбулук аракеттерине үндөгөн фактыларды текшерүүнү баштады. Бул тууралуу журналисттерге Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги билдирди.
Такталгандай, чагымчыл видеотасма социалдык тармактарда кечээ, 21-июлда пайда болгон.
“Жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери кыргыз диаспорасы менен жолугушуп, мекендештердин мындай билдирүүлөрүн токтотуу боюнча аракеттерди талкуулашат. Биз дароо толук маалымат беребиз”, – деди элчиликтен.
Белгилей кетсек, Россияга акча табуу үчүн келген кыргызстандык жаштардын дагы бир тобу Москвада чет элдиктер менен жолугушкан кыздарды жазалоого үндөшүүдө. Алардын Россиядагы мигранттарга кайрылуусунун видеосу социалдык тармакта жарыяланды.
Эске салсак, 2016-жылы Москвада Кыргызстандын бир топ жаш жигиттери пайда болуп, алар кыргыз кыздарына кол көтөрүп, аларды кемсинткен сурактарды уюштурушкан. Алардын айрымдары катуу сабалган.
Андан кийин бейбаштар табылган. Ал эми Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тартипке чакыруу иретинде сүйлөшүү жүргүзүп кайра бошотуп жиберишкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ