Menu

Видео – Темирбек Асанбековдон кайрылуу: “Эч ким түбөлүк жашабайт, коркпой, айланама бириккиле! Эски саясатчылардын элди тоноосуна эми жол бербейбиз!”

Бөлүшүү:

“Мекен ынтымагы” саясый партиясынын лидери Темирбек Асанбеков жаштарга кайрылуу жасады.

Кайрылуунун тексти:

“Иним, мен азыр сизге айткан сөздөрүмдү жакшылап эстеп калыңыз. Кыргыз эли бир таарынса оңой менен кечирбейт. Азыр ич-ара тытышып, бири-бирин каралап жаткан эски саясатчылардан эл тажады. Алардын көпчүлүгү Акаевдин жана Бакиевдин жанында жүрүшкөндөр. Калгандары жакында эле Атамбаевди президент кылып шайлашып, бийликке аралашып, 2010-жылдан бери уялбай байлык топтошту. Парламентке, өкмөткө олтуруп алышып, улам-улам алмашкан сапатсыз, аткаруу бийликтерин түптөшүп, улуттук кызыкчылыкка каршы саясый-экономикалык чечимдерди кабыл алышты. Суу кодекстерин өзгөртүштү. “Жер үй” жана башка кен-байлыктарды сатышты. Жарандардын конституциялык укугун бузушуп, биометрикалык мыйзам аркылуу шайлоого катышууга чек коюшту. Элдин баарын кредитке, карызга батырышып, кемсинтишти.

Эртең алар Жээнбековду жамандап чыгышат. Буларда такыр эле адамдык намыс, уят деген калбады… Жакынкы эле шайлоодо эки-жаат болуп, тирешип жүргөндөрүн унутуп, кайра-кайра биригип, бири-бирин коргоп жатышат. “Саясатта боло берет” деп, адам жийиркенген сөзгө жамынып алышып, эмнени гана кылышпайт. 20-30 жылдан бери ушул эки жүздүү, түлкүдөй болгон Абил бийлерден кыргыз эли кутулбай койду. Ошондуктан 2010-жылы мен Москвадан келип, “Мекен ынтымагы” партиясын түптөдүм. Саясаттын ысык-суугуна чыдап, айткан сөзүмдүн туруктуулугун далилдедим. Саясаттагы ыймансыз, айла-амалдуу адамдардын мамлекетке зыян алып келип жатканын ачык саясаттан чагылдырдым.

Орустун жакшы макалы бар “Горбатого могила исправит” деген. Они абсолютно обнаглели. Наглые и жадные люди, самые ничтожные, честно говоря, мы им не позволим больше обманывать и обкрадывать народ. Таким людям нет место в политике.

Силерден суранарым, “мен чыныгы кыргызмын” деген баатырлар, эч ким түбөлүк жашабайт. Кедеймин деп ыйлаган кыргыздын короосунда бир кою бар. Биз кыргыздар улуу тарыхы бар, ыйык салты бар, намыскөй калкпыз. Ыймандуу туура ишке эрк-кайрат көрсөтүп, биргелешип аракет кылсак эртели-кеч татыктуу турмушка жолубуз ачылат. Силерден жардамыңарды аябай, коркпой, айланама биригүүңөрдү өтүнөм!

Чет өлкөдө кыйналган ини-карындаштарыбыздын, эжелерибиздин намысын коргойлу. Элибизди бөлүп-жарган ыймансыз саясатты токтотолу. Улуттук экономикабызды коргойлу. Элибизге билим берип, ар бир жарандын укугун татыктуу коргойлу.

Темир Асанбеков, “Мекен ынтымагы” саясый партиясынын лидери

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: