Үстүбүздөгү жылдын 14-декабрында Чүй облусундагы Панфилов районунун билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси болуп Бактияр Ашыкеев дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Айта кетсек, Бактияр Ашыкеев 1981-жылы 14-майда төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, беш баласы бар. 2017-2018-жылдар арасында Текеева атындагы мектептин окутуучусу болуп эмгектенип, 2018-жылдын 14-декабрына чейин Панфилов районунун адиси катары иштеп келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ