Негизи өкмөткө бөлүнгөн акчалардын басымдуу бөлүгү кумга сиңген суудай болуп жоголуп кетет. Анткени каражатты будамайлоо боюнча “чемпиондор” так ошондой жерден атылып чыкканын коомчулук жакшы билет. Кандай болгон күндө да “май кармагандардын” колу майланышып турбаса жашоонун маңызы болбой калбайбы. Бирок, алып жутуу боюнча өзгөчөлөнгөндөр колун эмес чыканагын кошо салып жиберип жатпайбы, кокуйгүн! Айрыкча ак үй менен көк үйдүн, парламенттин табити укмуштай экени белгилүү.
Өткөндө Экмат Байпакбаев деген эл өкүлү өкмөттүн дарегине коңгуроо какты. Көрсө баягы аты далайга угулуп, ашмалтайды чыгарган Кумтөрдөн жылына 2,7 миллион доллар биздин өкмөттүн казынасына түшөт экен. Анткени менен ал тууралуу үн катпастан тымызын эле чиновниктер эптемейге өткөнү боюнча шыбыштар жөн жерден чыкпаганын депутат чукуп өттү. Буга окшогон көмүскө каражаттар түшүп эле жатса керек өкмөткө. Эми дагы бир ирет Байпакбаев катуураак парламенттин трибунасынан айтып койсо балким аныгына чыкмакпыз. Бирдемкени уккан үчүн айтып жаткан чыгар эл өкүлү. Болбосо түз жерден чагылганды чартылдатмак эмес…
Булак: “Ачык сөз”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ