Бүгүн, 19-декабрда өтүп жаткан маалымат жыйынында Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков “НТС” телеканалынын кабарчысынын Кыргызстандан качып кеткен бизнесмен саясатчы Өмүрбек Бабановдун ишине байланыштуу суроосуна жооп берип, анын үстүнөн кылмыш иши өзү бийликке келе электе ачылгандыгын, ал эми азыр президент катары укук коргоо органдарынын ишине кийлигишип, көрсөтмө бере албай тургандыгын айтты.
Ал эми кабарчынын: “Ал саясатка аралашпайм” деген”, “Сиздин саясий атаандышыңыз” дегендей сөздөрүнө карата: “Бабанов саясатка аралашабы, аралашпайбы, бул – өзүнүн иши. Мен азыр аны өзүмө саясий атаандаш деп эсептебейм. Саясий атаандаштык шайлоодо болот. Президенттик мөөнөтүм аяктаган соң, кайра президент болоюн деген оюм жок. Эсен-аман президенттик кызматымды тапшырып, эл арасында болушум керек”, деп жооп берди Президент.
Булак: Kyrgyz Today
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ