Бейтаптарга сый мамиле кылган дарыгерлерге кошумча төлөм төлөө сунушталууда. Мындай билдирүү менен бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңенштин отурумунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова чыкты.
Анын айтымында, бейтаптардан дарыгерлер тарабынан орой мамиле кылынгандыгы жөнүндө көп даттануулар түшүүдө. Ошондуктан дарыгерлердин сый мамилеси үчүн айлык акысынын 15% үстөк катары төлөп берүү жөнүндө ой пайда болду.
“Эгерде нааразычылыктар түшпөсө, 15% үстөк төлөөгө болот, эгерде бар болсо, төлөө жок болот. Азырынча бул жөн гана сунуштар. Мындай каражаттарды бере алабызбы, бюджетке караш керек. Бирок бул нерсе дарыгерлердин бейтаптарга жакшы мамиле кылышына стимул болот деп ойлойм» – деди Алтынай Өмүрбекова.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ