Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кызматкерлери айына 35 миң сом өлчөмдөгү маяна алышат, ал эми медицина кызматкерлеринин айлык маянасы 5-7 миң сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Аида Исмаилова билдирди.
Анын айтымында, ММКФнун чыгымдары жылдан жылга өсүүдө. Мисалы, 2018-жылга пландалган чыгашалар 170 миллион сомду түзгөн. Анын ичинде 80,8 миллион сом кызматкерлердин эмгек маянасына бөлүнгөн. Эгерде бул бааны кызматкерлердин санына бөлсө, алардын айлык акысы 35 миң сомду түзөт.
“Эмнеге мындай болуп жатат? Фонддо айлык акы ушунчуалык, ал эми дарыгерлер болсо тырмактай айлык алышат?!” – деп нааразы болду депутат.
Ага жооп катары Марат Калиев 170 миллион сом – техникалык запас экенин, ал медициналык жардамды үзгүлтүксүз камсыздоого керектелерин билдирди. Административдик чыгашалар андан аз – 130 миллион сомду түзөт, ал каражаттардын көбү эмгек акыга кетет.
Бирок Аида Исмаилова мындай суммада дагы ММКФ кызматкерлеринин маянасы медиктердиеинен көп эсе жогору экенин билдирди.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ