Жогорку Кеңештин экс-спикери Чыныбай Турсунбеков учурда “суудан тайыз, чөптөн жапыз” болуп, сак болуп калды.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аркасында саясатка аралашып, Жогорку Кеңештин депутаты, спикер болду. Көпчүлүк коалициянын башчысы болуп, КСДП фракциясынын жетектеди. Бир сөз менен айтканда агарып-көгөрүп, элге таанылды.
Эми минтип Атамбаевдин жакшылыгын унутуп, билмексен. Атамбаевге учурда ар тараптан бийликтин буйругу менен жалаа жабылып, жаманатты болуп жатканда бир ооз калыс кебин айтканга жарабай, төө кушчасынан кумга башын тыгып отурганы жигиттикке жатпайт. Албетте, бийликке жагынып кошомат кылып, Атамбаевге каршы иш кылган жок. Балким, ушунун өзү да жоктон көрө жогору чыгаар. Ошентсе да тарых алдында адилет пикирин айтууга тийиш. Бизнесинен коркуп, жалтактай берсе, бийлик “моюнча салып” минип алаары турган иш… Позиция деген болуш керек да…
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ