«Ата Мекен» партиясынын курултайы өтөт. Бул тууралуу аталган партиянын жетекчиси Өмүрбек Текебаев бүгүн, 7-январда журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, курултай март айында өтөт, анда бир катар өзгөрүүлөр болот жана партиянын түзүмүнө «шайлоо кампаниясынын лидери» деген жаңы институт киргизилет. Курултайда Өмүрбек Текебаев партия лидерлигин башкага өткөрүп береби же өзү калабы ал табышмак бойдон калууда. Себеби, Текебаев журналисттердин суроосуна, аны убакыт көрсөтөөрүн айткан. Мындан тышкары, курултайда Апрель окуяларынын 10 жылдыгына карата да өзүнчө резолюция кабыл алуусу күтүлүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ