Menu

Тажикстанда ШКУга мүчө-мамлекеттеринин Жогорку сотторунун Төрагаларынын он биринчи Кеңешмеси өттү

Бөлүшүү:

Душанбе шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин Жогорку сотторунун Төрагаларынын кезектеги он биринчи Кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралу КР Жогорку Сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешмени салтанаттуу түрдө Тажикстан Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Шохиён Шермухаммад ачты. Андан соң, куттуктоо кайрылуулары менен ШКУга мүчө-мамлекеттеринин Жогорку сотторунун Төрагалары сүйлөштү.

Он биринчи Кеңешменин ишине Кыргыз Республикасынан КР Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева, КР Жогорку сотунун Төрагасынын орун басары Качыке Эсенканов жана Жогорку соттун судьясы Дилара Арстанбаева катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө кыргыз Фемида өкүлдөрү «ШКУга мүчө-мамлекеттеринин сотторунун жаңы ачылган жагдайлар боюнча чечимдерди же мыйзамдуу күчүнө кирген аныктамаларды кайра кароо практикасы»; «Террорчулук жана экстремизм менен байланышкан кылмыштар жөнүндө иштерди кароо практикалары боюнча  тажрыйба жана маалымат алмашуу»; «ШКУга мүчө-мамлекеттеринин мыйзамдарындагы ата-энелердин балдарды тарбиялоодогу жоопкерчилиги» деген аталыштагы баяндамаларын тартуулашты.

Кеңешменин соңунда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин Жогорку сотторунун Төрагаларынын Кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча Биргелешкен Билдирүүгө кол коюу аземи болду.

Эскерте кетсек, ШКУга мүчө-мамлекеттеринин Жогорку сотторунун Төрагаларынын онунчу Кеңешмеси өткөн жылдын 3-6-сентябрында Бишкек шаарында өткөн.

Кеңешменин ишине Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун, Россия Федерациясынын Жогорку сотунун, Тажикстан Республикасынын Жогорку сотунун Төрагалары, Өзбекстан Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын орун басары, Кытай Эл Республикасынын Жогорку Элдик Сотунун судьясы жана ШКУнун өкүлдөрүнөн турган делегация катышкан.

Кеңешменин жүрүшүндө 4 негизги маселе боюнча талкуулоо жүргүзүлгөн.

– Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттеринин сот органдары менен соттордун квалификациясын жогорулатуу боюнча тажрыйба алмашуу;

– Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттеринин сотторунун адам сатууга байланыштуу кылмыш иштери боюнча тажрыйбасы;

– Ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо боюнча соттук иштерди чечүү жөнүндө соттук тажрыйбасы;

– Кээ бир маселелер боюнча укуктук жардам берүү, ошондой эле информациялык технологияны колдонуу.

Кеңешменин жыйынтыгында ШКУга мүчө-мамлекеттеринин Жогорку сотторунун Төрагалары Биргелешкен билдирүүгө кол коюшкан.

ШКУга мүчө-мамлекеттеринин Жогорку сотторунун Төрагаларынын биринчи Кеңешмеси 2006-жылы Шанхайда (Кытай) өткөн жана төмөнкү темаларда талкуулоолор болгон:

– Коомду өнүктүрүүдөгү соттордун ролу;

– Сот адилеттигинин объективдүүлүгүн камсыздоо, анын эффективдүүлүгүн жогорулатуу;

– ШКУнун мүчө-мамлекеттеринин сот органдарынын кызматташуу механизмин өркүндөтүү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: