«Салымбековдун жеке менчик «Дордой» базарынын ортосунда мамлекеттик Бажы кызматынын кампасы жайгашкан, ал жерде чет элден келген товарларды бажыдан өткөрүшөт, ал кампаны мамлекеттик мекеменин аймагына которуш керек,“ – деп билдирди бүгүн, 20-декабрда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда депутат Камчыбек Жолдошбаев.
“Жеке менчик “Дордой” базарынын ортосунан 5 гектар жерге мамлекеттик Бажы кызматы кирип алган, ал кампа суткасына 24 саат бою тынбай иштеп, күнүнө 500 оор жүк ташуучу унаанын товарларын бажыдан өткөрөт. Ал мамлекеттик кампаны жеке менчик аймактан чыгарып, Кант шаарына же башка жерге, мамлекеттик мекеменин аймагына которуш керек. Антпесе “Дордойдо” коррупция гүлдөп жатат. Мен жолдош Салымбековго айткым келет, жеке менчик базардын ичинде мындай мамлекеттик бажынын кампасы болгону дүйнөлүк практикада болгон эмес. Бул туура эмес, мындан алыс бололу. Торугарттан күнүнө 500 машина 40 тонна жүк менен өтөт, ал эми “Дордойдогу” бажыдан күнүнө 500 машина 20 тонна жүк менен бажыдан өтөт, муну компетенттүү органдар иликтесин”- деди Камчыбек Жолдошбаев.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ