Баткен облустук Капиталдык курулуш башкармалыгында кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын УКМК ККК тарабынан өткөрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Баткен областтык Мамэкотехинспекциясынын (МЭТИ) аймактык башкаруу жана капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу адамдарынын кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуу фактылары текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталды.
Такталгандай, Баткен шаардык аймактык ветеринардык лабороториясынын жана Баткен районундагы 3 орто мектебин курууда жана ишке киргизүүдө, куруу иштерин көлөмүн жогорулатылган баада кургандыгы аныкталды.
Бул факт боюнча Баткен облусттук прокуратурасы КР Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу), 221-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) жана 315-беренеси
(Кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козгоду.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ