Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети Асеин Исаевди Кыргызстандын Индиядагы ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындоо сунушун жактырды. Чечим бүгүн кабыл алынды.
Асеин Исаев 55 жашта, ал Урал мамлекеттик университетин жана М.В Ломоносов атындагы Мамлекеттик университетти аяктаган, философия илимдеринин кандидаты. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн дипломатиялык наамын ал 2016-жылы алган.
2015-жылдан бери ал Кыргызстандын Бельгиядагы, Нидерландылардагы, Люксембургдагы, Франциядагы өкүлү болуп эмгектенип, Кыргыз Республикасынын НАТО жана ЮНЕСкодогу такай өкүлү болуп келет.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ