Menu

ИИМдин ЖКККББы аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу жол кыймылынын катышуучуларына коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет

Бөлүшүү:

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу, бардык жол кыймылынын катышуучуларын жолдордо өтө этият болууга чакырат. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда КР ИИМдин ЖКККББ басма-сөз кызматы билдирет.

ЖКККББ унаа ээлерине кыш мезгилине даярданууну азыртан баштоону сунуштайт. Биринчи кезекте, унаанын техникалык абалына көңүл буруп, жарык берүүчү, айнек тазалоочу, электр шаймандарын, акумулятордун зарядынын туура иштешин текшерүү керек.

Ошондой эле айдоочулар психологиялык жактан кышкы айдоо стилине көнүшү керек. Күз-кыш мезгилинде алар жолдо өзгөчө этият болуп, жол эрежесин так сакташы керек. Коопсуздукка көңүл бөлүп, тилкеден тилкеге өтүүдө жана жолдо башка айла-амалдарды жасоодон алыс болуу керек. Ошондой эле, унаалардын ортосундагы аралыкты жана каптал аралыкты сактоо зарылдыгы жөнүндө унутпаңыздар. Күн же түн болобу аба ырайы бузулганда, туман болсо чырактарын колдонуу зарыл, ошондой эле ылдамдыкты мүмкүн болушунча коопсуз деңгээлге чейин азайтуу, эскертүүчү жарык күйүп турушу керек экенин эске алыңыздар.

Көпүрөлөрдөн, темир жолдун кесилиштеринен, унаа жолдун кесилиштеринин жана түйүндөрүнүн көп деңгээлдүү кесилиштеринен өтүүдө айдоочулар өтө этият болушу керек. Ошондой эле жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдүн жанына топтолуп, «зебрага» жакындаганда алдын-ала жайыраак жүрүү керек.Мындан тышкары, аба ырайынын  өзгөрүшүнө байланыштуу айдоочуларга жөө жадармага көбүрөөк көңүл бурууну сунуштайт.

Эгерде сиз унаа айдап бара жатып күтүлбөгөн жерден өзүн жаман сезип калсаңыз, анда токтоосуз унааны токтотуп, керек болсо дарыгерге кайрылыңыз же коомдук транспортто жүрүңүз.

Жаан-чачын карга айланышы күтүлүүдө ошондуктан Кыргыз Республикасынын көптөгөн жолдорунда жана ашууларында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы унаа ээлерине жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырууну сунуштайт. Дөңгөлөктөрдү өз убагында алмаштыруу айдоочуга аба ырайынын жагымсыз шарттарына байланыштуу жолдо ишенимдүү жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул өз кезегинде жол кырсыктарынын санын азайтууга, демек, жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүн жана ден-соолугун сактап калууга жардам берет.

Күз-кыш мезгилинин башталышы менен айдоочуларга гана эмес, жөө жүргүнчүлөргө дагы өзгөчө кам көрүү керек. Бул мезгилде күн кыскарат, жаан-чачын жана туман жолдордо көрүнүштү азайтат. Жол коопсуздугу коопсуздугун камсыздоо максатында, жөө жүргүнчүлөргө кийимдерине же сумкаларына чагылдыруу элементтерин колдонууну сунушталат. Түнкүсүн айдоочуларга жөө жүргүнчүлөр көрүнүп туруш үчүн ачкыч түстөгү жарыкты чагылдыруучу элементтер бар кийим, билериктерди, кулондорду жөө адамдар сатып алса же өз алдынча даярдап колдонсо болот. Мындан тышкары, жөө адам коопсуздугун сактап тротуарларда жана атайын жөө адамдар басуучу, өтүүчү жайларда жүрүү керек, жолдун унаа жүрүүчү бөлүктөрүн жөө адамдар өтүүчү өтмөктөр менен гана кесип өтүү керек.

Жараандарыбыз жолдо кыйын кырдаалга туш болуп калса  күнү-түнү болобу ЖКККББнын бөлүмүнөн кызматкерлерине кайрыла алышат. Кызматкерлер өз учурунда  кырдаалга жараша жараандарга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө аракет кылышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: