Menu

Коопсуз шаар II жана III фазасынын качан ишке кирери айтылды

Бөлүшүү:

Маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев ММКларга берген маегинде «Коопсуз шаар» долбоорунун II фазасы 10-марттан, ал эми III фазасы 10-апрелден тарта ишке кирерин билдирди.

Маалыматка ылайык, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун 1-этабы 4 техникалык фазага бөлунгөн. I фаза Бишкек шаары менен Чуй облусун камтыйт. Анын негизинде тиешелүү камералар толук орнотулуп бүттү. Бишкекте 10 кесилиште 12 камера орнотулган. 17 стационардык чекти жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекстерди жабдуу иши улантылууда.

Долбоордун биринчи этабынын алкагында 90 стационардык жана 20 көчмө комплекс коюлат. Учурда ылдамдыкты өлчөгөн 10 комплекс коюлду. Алар 12-февралдан тарта эреже бузууларды каттай баштайт. Башкача айтканда, унаа ээсине айып пул төлөө жөнүндө токтомдор жөнөтулөт да анын аткарылышы көзөмөлгө алынат.

«Экинчи этаптын техникалык документтери буткөн болчу. Анда өлкө боюнча 230 чекитке даярдык көрүлгөн. Бирок дагы 80 чекит кошулуп, жалпы 310 чекит боюнча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин кайра санап чыгып жатабыз. Ал ушул жумада даяр болот да, кийинки аптада конкурс жарыялоо боюнча чечим кабыл алабыз», — дейт Шаршембиев.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: