Menu

Депутат Махабат Мавлянова: «Банктык насыялардын пайыздык коюмдары төмөндөмөйүнчө экономика көтөрүлбөйт»

Бөлүшүү:

Депутаттарга көп адамдар банктагы ишенимден кеткен кардарлардын «кара тизмесинен» чыгарып коюу өтүнүчү менен кайрылышат, аларды ошол тизмеден чыгарса болобу? Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынында 2017-жыл үчүн Улуттук банкынын иши жөнүндө анын төрагасынын отчету каралып жатканда, депутат Махабат Мавлянова ушундай собол салды. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Ишенимсиз кардарлардын тизмесинен кимдир бирөөлөрдү чыгарып салуу анын колунан келбей турганын билдирди. «Насыя бюросунун «кара тизмесине» бир жолу кирип калган ишенимсиз кардардын кайра чыгышы кыйын, ал эч кимдин колунан келбей», – деди ал.

Андан тышкары, депутат Улуттук банктын ишине жүргүзүлгөн аудитке кайдан каражат жумшалганына, банктардын насыяларынын үстөк пайыздын коюмдарынын жогору болуу себептерине кызыкты. «Насыянын пайыздык коюмдары төмөндөмөйүнчө өлкөнүн экономикасы көтөрүлбөйт Эмне үчүн мындай болууда? Же Улуттук коммерциялык банктарга карата жогору пайыз койобу же силер ири банктарды тарта албай жатасыӊарбы?», – деп сурады депутат.

Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, Улуттук банк мамлекеттик бюджеттен бир тыйын албайт. «Биз өзүбүз акча иштеп табабыз, ошол каражаттар аудит сындуу иш-чараларга жумшалат», – деген жооп узатты Улуттук банктын башчысы.

Ал эми депутат Акылбек Жапаров жакында Кытайга барып келгенин, ошол күндөрү бир да жолу накталай акча колдонбогонун белгиледи. «Көрсө, Кытайда накталай акча менен төлөнбөйт тура, эсептешүүлөр жалаӊ накталай эмес таризде жүрөт экен. Алтургай, кайырчылар деле накталай эмес акча сурашат. Ал бизде да киргизилсе, кыйла пайдалуу жана ыӊгайлуу болчудай. Аны тезинен киргизүүнүн ордуна, бизде ал иштебейт, эл түшүнбөйт деп келебиз. Азыр элдин баары түшүнөт, кандай кылышты», – деп кошумчалады эл өкүлү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: