Menu

Садыр Жапаров Нарын облусунун эли менен жолугушту

Бөлүшүү:

КРнын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Нарын облусунун эли менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Садыр Жапаров эл алдында сүйлөп жатып, аймактардагы абалды жеринен көрүү максатында республиканын региондорун кыдырып жатканын билдирди.

«Элдин үнү бийликке жете бербейт, көбүнэсе ал бурмаланып, бийликтегилер көз алдындагы нерселерди көрө албаган учурлар болот. Мен ар бир жарандын үнүн угуп, элибиз эмне менен жашап жаткандыгын, кандай көйгөйлөрү бар экендигин көрүү үчүн келдим. Мен элдин мамлекеттик органдарга карай ишенимин кайтарууну каалайм», – деди Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле эл оозунан чыккан «ачуу чындыкты» угууга жана көп жылдардан бери Нарын облусунун калкынын топтолуп келген көйгөйлөрүн чечүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Президенттин милдетин аткаруучу менен жолугушуу учурунда эл көптөгөн суроолорду берди, тактап айтканда, Садыр Жапаровдон региондо электр энергиясынын баасын төмөндөтүү, аймактын инфраструктурасын жакшыртуу, жерди трансформациялоо жана социалдык маселелерге  өзгөчө көңүл бурууну өтүнүштү.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров тармактык мамлекеттик органдарга Нарын облусунун калкы көтөргөн ар бир маселени карап чыгуу, ошондой эле кыска убакыттын ичинде аларды чечүү боюнча чараларды көрүү тапшырмасын берди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: