Menu

Сариевдин тиешеси бар делген 200 миллион долларлык афера “Крокусгейт” изилденеби?

Бөлүшүү:

Евразия экономикалык бирикмесине Кыргызстан кошулардын алдында Владимир Путин даярдык көрүү үчүн эле 200 миллион долларды грант катары бөлүп бергени эсибизде. Ал акча бизде фитосанитардык лабораториялар, бажы пункттары жана башка керектүү инфраструктура объекттери курулушуна арналган. Бирок Алмазбек Атамбаев ал акчаны Россиядан накталай албастан, анын 129 миллион долларын белгилүү орус-азербайжандык олигарх Араз Агаларовтун эсебине которттуруп салган. Мындай аферага түздөн-түз ошол кездеги Тышкы иштер боюнча президенттин жардамчысы Сапар Исаков, премьер-министр Жоомарт Оторбаев, Экономика министри Темир Сариев жана Финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоковтордун тиешеси бар экени качан ачыкталат? Россия тараптан болсо бул кылмыштуу келишимди Андрей Бельянинов көзөмөлдөгөнү калппы? Ал акчанын калган 70 миллион долларын дагы өзүнүн федералдык таможнясы аркылуу апчыгып кеткени айтылбады беле. Ошентип бизде курулган чек арада оңдолгон бажы пункттар 10 миллион доллардан курулду деп отчеттор тапшырылып, бир дагы лаборатория ишке берилген эмес. Бул боюнча эл аралык масштабда скандал “Нью Йорк Таймс” гезитине чейин жазылып, “крокусгейт” деп аталган. Тагдырдын тамашасын карагыла, кечээ күнү ошол салынбай калган фитосанитардык лабораториялар үчүн Кытайдын жетекчилигинен суранып, Сооронбай Жээнбеков акча таап келгенин баракелде деп туралы. Бирок, Москва менен кошо сүйлөшүп, ошол уурдалган 200 миллион доллардын да тагдырын тактап алышыбыз керектиги унутта калбаса деген эле ой. Жогорку Кеңештин депутаттары дагы атайын комиссия түзсө жакшы болот эле. Былтыр жайкы пресс-конференциясында Атамбаевге “Азаттыктын” кабарчысы ушул суроону узатса, актангандын ордуна, “табалбайсыңар, канча казсаңар дагы” деп жооп берген. Эки жүз миллион доллар эки жүз сом эмес да. Ал карыз болбосо дагы, бекер акча деп жеп салгандарды кустуртушубуз керек го.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: