Бүгүн, 18-февралда КТРКнын Байкоочу кеңеши КТРКнын генералдык директору кызматына жарыяланган сынакка келип түшкөн арыздарды ачыкка чыгарды.
Баары болуп сынакка 22 талапкер арыз берген. Алардын тизмесин жарыялайбыз:
1. Элдар Аттокуров
2. Мирбек Мурзабеков
3. Малика Курманова
4. Каарманбек Кулуев
5. Мирлан Самыйкожо
6. Адиль Турдукулов
7. Жайнак Үсөн уулу
8. Болотбек Тиллебаев
9. Ибрагим Нуракун уулу
10. Жылдыз Мусулимова
11. Бөлөкбай Шеримбеков
12. Галина Байтерек
13. Куттумидин Базаркулов
14. Алим Токторов
15. Ишен Айтмамбетов
16. Абдихалил Ахматов
17. Дүйшөк Мамбетөмүров
18. Сюита Соурбаева
19. Илим Карыпбеков
20. Сураган Босунбаев
21. Эркинай Эшанкулова
22. Замирбек Казакбай уулу.
Бүгүн сынактын биринчи айлампасында талапкерлердин документтери текшерилип, экинчи айлампага өткөн талапкерлердин тизмеси жарыяланат.
Бул айлампадан өткөндөр 28-февралда Байкоочу кеңештен аңгемелешүүдөн өтүп, өз программаларын жарыялашат.
Ал эми 14-мартта Байкоочу кеңеш шайлоо өткөрөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ