Menu

Видео – Абхазиядагы өзбекстандык мигранттар Орусия аркылуу транзит уюштуруп берүүнү өтүнүштү

Бөлүшүү:

Абхазиядагы өзбекстандык эмгек мигранттары

Карантиндик чектөөлөрдөн улам Абхазияда калып калган өзбекстандык эмгек мигранттары мекенине кайтуу үчүн Орусия аркылуу транзит уюштуруп берүүнү өтүнүп жатышат.

Миңдеген мекедештеринин атынан «Озодлик» радиосуна кайрылган мигранттар тобу Абхазияда туристтердин жоктугунан улам жумушсуз жана акчасыз калышканын билдиришти. Алар өзбек өкмөтүнөн мекенине кайтууга жардам берүүнү өтүнүштү.

– Алты айдан бери чек аралар жабык болгондуктан, үйлөрүбүзгө кете албай жатабыз. Бизде мекенге кайтуудан башка маселебиз жок. Буга чейин бул жердеги тажиктер, кыргыздар жана армяндар үйлөрүнө кетишкен, өзбектер эле калдык. Азыр биз Орусиянын аймагы аркылуу гана кете алабыз. Бул маселе боюнча Өзбекстандын Орусиядагы консулдугуна телефон менен байланышууга мүмкүн болбой жатат», — деди өзүн Хайрулло деп тааныштырган мигранттардын бири.

Анын айтымында, туризмдин аркасы менен жашап келген Абхазияда азыр экономикалык абал кыйла начарлап кетти.

Абхазияда Өзбекстандан барган эркектер негизинен курулушта, аялдар мейманканаларда иштешет.

Абхазиянын Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына ылайык, өлкөдө көбүнчө Өзбекстандын, Тажикстандын жана Армениянын жарандары иштешет. 250 миңге жакын калкы бар бул мамлекетте миңден ашык өзбек жараны мыйзамдуу иштейт. Айрым маалыматтар боюнча Өзбекстандын дагы ушунча эле жараны бул өлкөдө мыйзамсыз иштеп жүрүшөт.

Буга чейин эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму тиешелүү тараптарды өзбекстандык эмгек мигранттарынын мекенине кайтуусуна жардам берүүгө чакырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: