Учурда ТЭЦтеги чырдуу жагдайды сот карап баштады. Бул жагдайга байланыштуу коомдо эки ача пикирлер арбын. Айрымдар күнөөлүүлөр жазалансын дешсе, кээ бирлер абакта отургандарды «эки дөөнүн ортосундагы курмандык» катары сыпатташууда. Ал ортодо дал ушул ТЭЦти модернизациялоо ишинин финансы маселесине түздөн-түз жоопкер мурдагы каржы министри Ольга Лаврова эмнеге камалбайт деген суроого бүгүнкү күнгө чейин жооп таба албай убара тартышууда. Расмий айып тагылган менен камалбай жатканынын сырын издегендер да арбын. Мындан улам “Лаврова Индиянын кол тийгис ыйык уюбу” дегендер да бар.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ