14-сентябрда Сочи шаарында кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин орус мамлекетинин башчысы Владимир Путиндин жолугушуусу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн кыргыз президентинин маалымат кызматынан кабарлашты.
“Жолугушууну өткөрүү тууралуу эки лидер үстүбүздөгү жылдын 14-августунда телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө макулдашышкан. Эки тараптуу кызматташуунун жана тараптардын ЕАЭБ алкагында өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо болжолдонууда” деп айтылат басма сөз кызматтын маалыматында.
Атамбаев менен Путин октябрь жана ноябрь айларында да ЕАЭБ жана ЖККУ жыйындарынын алкагында жолугат.
Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык президенттик мөөнөтү быйыл 1-декабрда аяктайт. 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ