Menu

Жашабай жатып чоң кылмышка барышкан…

Бөлүшүү:

Ош шаарынын милициялары карактоого шектелген эки жигитти кармашты. Милициялар билдиргендей, ушул жылдын 14-майында Ош шаарында 2003-жылы туулган кыз үйүнө кирип бара жатканда белгисиз бирөөлөр мойнуна бычак такап токтоткон. Кыз үйүндө жалгыз экенин билген кылмышкерлер акча салынган сейфтин ачкычын талап кылган. Алардан корккон кыз эс-үчүн жоготуп жыгылган. Ал эми кол салгандар сейфтен 13 миң доллар акча, 160 миң сомдук билерик, аялдар тагынуучу 56 миң жана 89 миң сомдук чынжырчаларды алып, куйрук түйүшкөн. Учурда кыздын абалы жакшы. Окуя тууралуу милиция кызматкерлерине окуучу кыздын апасы билдирип, ошондон тарта ыкчам иликтөө иштери башталган. 4 айга созулган издөө иштеринин жыйынтыгында шектүүлөр — Кара-Кулжанын 2000-жылы туулган туругуну менен Жалал-Абад облусунун 1998-жылы туулган тургуну 16-сентябрда кармалышкан. Учурда кармалгандар камакка алынып, тергөө иштери улантылып жатканы маалым болду.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: