21-февралда Ташкентте Өзбекстан Жогорку сотунун төрага орун басары Баходыр Дехканов кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү daryo.uz жана uzmetronom.com интернет-басылмалары өз булактарына таянып жазып чыгышты.
Gazeta.uz сайтынын маалыматына караганда, Баходыр Дехканов 21-февралда күндүн экинчи жарымында өзүнүн иш бөлмөсүндө кармалган.
18-февралда Central.com порталы Баходыр Дехканов 15-февралда кызматынан алынганын билдирген.
2017-жылы майда Баходыр Дехканов Олий Мжлистин токтому менен Жогорку соттун төрага орун басары, административдик иштер боюнча соттук коллегиянын төрагасы кызматына беш жылдык мөөнөткө дайындалган.
Өз билдирүүсүндө uzmetronom.com сайты Баходыр Дехканов «Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Ихтиёр Абдуллаевдин кудасы экенин» жазды.
Өткөн жумада «Азаттык» радиосунун өзбек кызматы 53 жаштагы Ихтиёр Абдуллаевге каршы кылмыш иши козголуп, ага карата бир айга камакка алуу бөгөт чарасы белгиленгенин кабарлаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ