Аламүдүн капчыгайындагы “Теплые Ключи” аймагында асылып турган жеринен табылган 19 жаштагы жигиттин өлүмүн милиция суицид деп атады. Бул тууралуу журналисттерге маркумдун туугандары билдиришти.
Алардын айтымында, колу-буту байланып, оозу скотч менен бекитилгенине карабастан, милиция өзүн-өзү өлтүрүү деп эсептейт.
Эскерте кетсек, Аламүдүн районунда жайгашкан “Теплые Ключи” санаториясынын аймагында колу-бутун байлап, оозу скотч менен мөөрлөнүп турган жигиттин асынып өлгөн денеси табылган. Жигиттин өздүгү аныкталды. Бул 19 жаштагы О.Э., Нарын облусунун тургуну болуп чыкты.
Жакын туугандарынын биринин айтымында, маркум 6-ноябрдан бери дайынсыз жоголгон жана ошол эле түнү алар Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз беришкен.
“Сөөктү өлүк сактоочу жайга алып келишкенде, милиция ошол жерге таштап, өзүн-өзү өлтүрүү деп каттаган. Коопсуздук кызматынын кызматкерлери да бизге бул суицид болгон деп айтышкан. Бирок бул кандайча мүмкүн? Анын колу, буту байланып, оозу скотч менен оролгон. Ал өзүн-өзү байлап асып ала албайт да”, – деп сурайт тууганы.
Бүгүн, 25-ноябрда жаш жигит кичи мекенине коюлду. 12-декабрда ал 19 жашка чыкмак.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ