Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 14-майында Сочи шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин үчүнчү мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык интеграциялык бирикмелер менен Эл аралык келишимдери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 23-январында кабыл алынган.
Макулдашууда Евразия экономикалык бирлигинин үчүнчү мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык интеграциялык биримдиктер менен эл аралык келишимдерди түзүү, алардын колдонулушун токтотуу жана убактылуу токто туруу тартибин аныктайт.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ