Menu

Кыргызстанда «Salam» бренди менен жаңы уюлдук байланыш ачылат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин,  «Альфа Телеком» ЖАКтын жана «Кыргызтелеком» ААКнын жетекчилери менен «Альфа Телеком» ЖАК жана «КТ Мобайл» ЖЧК ортосунда кызматташтыктын талаш маселелерин жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча «Альфа Телеком» ЖАК «КТ Мобайл» менен жыштыктарды биргелешип колдонуу боюнча кызматташууну улантат. Ал «Кыргызтелеком» ААКнын туунду компаниясы. Бул өнөктөштүктүн алкагында жакынкы айларда виртуалдык оператор түзүү долбоорун ишке киргизүү пландаштырылган. Бул үчүн «Альфа Телеком»  ЖАК өзүнүн техникалык базасын берип, таяныч оператору болот.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, ал эки мамлекеттик компаниянын кызматташуу идеясын колдойт, анткени алар өлкөнү санариптештирүү саясатын илгерилетүүнүн негизги инфратүзүмдүк локомотиви болушу керек. Бул өлкө боюнча, анын ичинде эң алыскы жана жетүү кыйын болгон калктуу аймактарда уюлдук түйүндүн камтуу аймагын кыйла кеңейтип, компаниянын абоненттеринин кызыкчылыгында жогорку ишенимдүү байланышты камсыз кылат.

Мындан тышкары Премьер-министрдин айтымында, бул сыяктуу өнөктөштүк өлкөнүн ири салык төлөөчүлөрүнүн бири болгон «Альфа Телеком»  ЖАК компаниясынын кирешелүүлүгүнө оң таасир берет.

Кеңешмеде биргелешкен ишмердүүлүктөн түшкөн киреше «Альфа Телеком» ЖАК  пайдасына – 67%, ал эми «КТ Мобайл» үчүн – 33% принциби боюнча бөлүштүрүлөт.

«Альфа Телеком» ЖАК  «КТ Мобайл» ЖЧКсы менен жыштыктарды биргелешип пайдалануу жөнүндө уюлдук операторлор арасындагы аукциондун жеңүүчүсү болгон. Талаш маселелер чечилген соң тараптар кызматташтыкты улантышты. «Альфа Телеком» ЖАК  Кыргызстандын рыногунда  «Salam» бренди менен төртүнчү уюлдук операторду бир айдын ичинде ишке киргизүү милдетин өзүнө алды.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: