Menu

Фото – Таланттуу бөбөктөрдүн “Ак кеме” балдар театралдык студиясы ачылды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгынын алдындагы №144 балдар бакчасында залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун урматына “Ак кеме” балдар театралдык студиясы ачылды.

Театралдык студиянын ачылыш аземинде бакчанын тарбиялануучулары жана тарбиячылары Айтматовдун чыгармаларынан 4 тилде үзүндү айтып беришти. Андан сырткары, кыргыз, орус жана англис тилдеринде куурчак театрын, стол үстүндөгү театр жана драматизацияланган сценкаларды тарбиячылар балдар менен биргеликте көргөзүп, өнөрлөрүн тартуулашты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкаруучусу Т.Бекбоев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары К.Иманалиев, коомдук ишмер Р.Айтматова, белгилүү кинорежиссер, СССРдин Эл артисти Б. Шамшиев ж.б. катышып, балдар театралдык студиясына ак жол тилешти.

“Балдар театры Ата Журтту сүйүүгө, ак ниеттүлүккө, мекенчилдикке, адептүүлүккө үндөө менен бирге, жаш өспүрүмдөрдүн илимге жана өнөргө болгон сезимдерин ойготот, сөз байлыгын өстүрөт. Театр эстетикалык, экологиялык, адеп-ахлактык, патриоттук, музыкалык, дегеле көптөгөн тарбияны өзүнө камтып, балдарды ар тараптан сабаттуу болушуна өбөлгө түзөт,” – деп билдирди балдар бакчанын жетекчиси Н.Айталиева.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: