2010-жылы Кыргызстанды УКМКсын башкарып, кыска убакыттын ичинде жомоктогудай байыган генерал “сөрөй” Кеңешбек Дүйшөбаев бул бийлик менен да тил табышып, өзүнө козголо турган кылмыш иштерин алдын-ала тосуп калды өңдөнөт. Кыязы, баарын дүңүнөн сатып алган окшобойбу. Болбосо, анын кантип байыганын, кызматтык абалынан кандайча пайдаланганын жазбаган, иликтебеген, жиликтебеген ЖМК деле калган жок. Бийлик анын баарын билип турду, көрүп турду. Бирок Дүйшөбаевге лам деп ооз ачкан жарабады. Ошол эле өзү жетектеген УКМКнын СИЗОсуна камабады. Чынында анын иши иликтеп койсо, ириген, чириген иштер иттей көп чыкмак. Эми болсо генерал неме бакылдап бийликке акыл үйрөтүп, өзүн элге аппак, укмуш даанышман көрсөтүү аракетине өттү. Жээнбековдун: “корупционерлерди ачык айткыла, чара көрөбүз” – деген сөзүн эстеп, элдин кыжыры келип турат. Дүңкүлдөгөн Дүйшөбаевдин дүйнөсү казынанын бир топ жыртыгын бүтөп коёт беле? Атаң гөрү, кысталак, иттики десе… Элдин ырысыкын жеген чөөлөрдөн тазаланбасак, өлкөдө эч качан өнүгүү болбойт.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ