Menu

Ырылдаган чырылдаган интригалар

Бөлүшүү:

Биздин редакция бир апта мурун өлкөбүздө эң чоң уюмдун – Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын ичиндеги ырылдаган интригандардын оюндары боюнча макала чыгардык элек, ошондо келе жаткан Кеңешмесиндеги күн тартибинде карала турган кандай маселер жөнүндө жазганбыз. Жазганыбыз көзү ачык кишинин айтканындай болуп, ички ыр-чыры андан бетер күч алып, бири-бирин басынтып, бири-бирин жок кылганы апогейге житиптир.

Өткөн санда 4 мартта өтө турган Федерациянын Кеңешмесинде негизги карала турган маселе, КПФын алдындагы Курорттор башкармалыгынын жетекчиси Чынара Токобаеванын иштен алып салуу болчу. Биздин божомолго жана маалыматтка ылайык,  профсоюздардын карт бөрүлөрү ал айымдын башын жеп, ал эле – бул эле деп жатып, акыры штен бошотушуптур, издегендер табат эмеспи, шылтоону эптеп табышып Токобаеваны айдашыптыр. Билбегендер таң калат болушу керек, эмнеге адамдардын укугун коргой турган чоң уюмдун ыр-чыры бүтпөйт, арыздашып эле, улам-улам бири-бирин боктоп, чукулап, сотко беришет деп? Билбегендерге айтып коюш керек, акча көп жерде, элдин артынан, анын эсебинен жашаган жерде дайым чыр көп болот. Учурда, Кыргызстан профсоюздар Федерациясы эмгекчилдердин укугун коргогон уюм болбой, тескеринче эмгекчилдердин кордогон уюмга айланды. Анткени Токобаева бул биринчи эле басым алган кызматкер болгон жок, ага чейин КПФын юристи,  аппарат жетекчиси ж.б., болгон.

Чынара Токобаева эмнеге айдалды, жаман же жакшы иштегени үчүн эмес, ал болгону жакшы кызматта болчу, бул кызмат орду азыркы КПФын жетекчилиги бирөөлөргө убада кылып берген. Кызыгы Токобаева ооруп жатса бат-баттан жыйын өткөрө салып, ишке чыканда кызмат ордун бошотсун деген чечим чыгарып салышты, анан ушундай адамдар эмгекчилдерди коргойбу? Айрымдар айтышат экен профсоюздук мафия деп, ошонусу чын окшойт, чекесинен бирден чертип ата беришет экен. Эми май-талканды каалаган орунга ким келет болду экен деген суроо жаралбай койбойт, ага да бизде жооп бар. Учурдагы федерациянын төрагасы Жанадил Абдырахмановго кулагына шыбыр этип шыбырап жүргөн, эзели элди жыргатпаган “кеңешчиси” (мурунку төраганын биринчи орун басары) Темирбек Джаналиев келет деген маалымат бар. Ал болбой калса дагы бир интриган даярда, кыскасы ким болбосун, учурунда Абдырахмановго жардап берип, мурунку төраганы “узаткандардан” бири болот да. Санаторий, курорттордун ишин жакшы билген адам келмек беле, эптеп ошол жерге барып алып, анан бир нерсе кылып, даамдуу чайнасам деген киши келет да.

Калыс Айкынов

Булак: “Искра”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: