Азыр Кудайга шүгүр, чаламандын так түшүндө мен-мен деген криминалдык авторитеттерди, спортчуларды, депутаттарды атып кеткен кандуу мезгилдер артта калды. Бирок ошол пистолеттин, автоматтын үнү өкүм сүргөн кандуу разборкалар кимдердин гана башын жуткан жок. Кыргыз кримдүйнөсүнүн аталыгы Рысбек атылган октун курмандыгы болду. ИИМдин Чыныбек Алиев баштаган чыгаан полковниктери атылды. Азыр алардын көбүнүн көзү жок, таш жазданып кабырда ал маркумдар. Арийне ошол кагылыштардан аман калгандар, ошол кезде “баланча кылмышкер, киллер” деп бакыргандар азыр арабызда тирүү. Бир кезде Рысбек менен жакшы мамиледе болуп, расмий тергөөлөрдүн жыйынтыгы менен “громкий” иштерде аты чыккан Эркин Мамбеталиев да арабызда… Андыктан ошол буюртма өлүмдөргө бир сыйра көз сыдырып, кээ бир байланышы барларды бир түйүнгө байлап жандырмагын чечкенге умтулуп, кээ бир суроолорду “авторлоруна” үстү ачык бойдон калтыралы. Кааласа жооп беришсин, каалабаса жок. Абийирлери, аркы дүйнөгө ала кетчү сырлары да өздөрүндө калсын.
Кыргыз кылмыш дүйнөсүнө көз чаптыра келгенде, бизде деле Россиядагыдай менчиктештирүүдөн улам топтолгон байлык, базарлар, “сфера влияние” үчүн кандуу кармаштар болуптур. Бирок андан дагы маанилүүсү: кыргыз жеринде жашап туруп кыргызга кордук көрсөткөн чечен, уйгур криминалдык топтору менен болгон согуш өтө кандуулугу менен айырмаланган. Дал ушул согушта көптөгөн кишилер мерт кетишип, кыргыз кримдүйнө тарыхында сырттан жалданма киллер чакыруу фактысы катталган. Ал киллерлер Москвадан кыргыздын көкжал жигити Рысбек Акматбаевдин көзүн тазалоо үчүн бир нече жолу учуп келишкен. Негизи факты өжөр нерсе демекчи. Колубузда турган далилдердин тегерегинде сөз баштайлы.
Рустам Габбазов жана Азиз Батукаев
Союз тарагандан кийин Кыргызстанда чечен, уйгур кылмыш топтору катуу күчөгөн. Чечендердин башында Азиз Батукаев турса, уйгурларды Рустам Габбазов жана бир тууган Махмуджан жана Ахмет Рузиметовдор жетектеп турган. Мурдагы түрмө тилинде (по понятием) жашаган кылмыш дүйнөсүнө каршы жаңы, күчкө толгон, болгон ишти муштум менен бүтүргөн спортсмендер дүйнөсү чабытын кеңейткен. Рэкетирлердин көбүн да ушулар түзгөн. Өздөрүн топторун айрымдары “Ынтымак” деп да аташкан. Ворлук макамды биринчи чечен Азиз алган, аны Орто Азия боюнча кылмыш дүйнөсүн караган “вор в законе”, түбү каракалпакстандык болгон Дато Ташкентский шайлаган. Бирок Азизге каршы чыккан улуту кыргыз криминалдык авторитеттер бар болчу. Мисалы, 1993-жылы Азиз Батукаев өзүнүн Мулла, Эшим аттуу тарапташтары менен Бишкектеги стадиондо “сходняк” өткөргөндө, Рашид Алканов талапташы Ханапи Чегиров экөө Азиздерге каршы чыгышкан. Топтолгондордун кээ биринде курал-жарак болгон. Милициянын кийлигишүүсү менен каршылашкан тараптар атышканга жетишпей калышкан. Оперативдик маалыматтарда чечен жана уйгур кылмыш топтору наркотрафикти карашкан. Андан сырткары уйгур бандиттери Кытайдан келген сооданы карашкан, ал жерде ири акча жүгүрүп турары белгилүү. Ал эми чоң акча кишини көптүрөт эмеспи. Рустам Габбазов “вор” болуп,
өзүнө империя кургусу келет. Бул маселе боюнча Москвага барганында Кыргызстанда Рашид Алкановдун шансы абдан чоң экенин уккан дешет айрымдар. 1995-жылы өз үйүнүн дарбазасынын алдынан Рашид Алканов атылат. Денесинен автоматтын 7 огу табылган. Рашиддин досу Ханапи Чегиров да атылат. Андан башка дагы эки кримавторитет атылат. Рашиддердин өлүмү ошол учурда республикада чоң чуу жаратып, Габбазовдун бандасы кармалат. Сотто Рашид Алкановду Москвадан келген гастролер киллер Юрий Жданов атканы белгилүү болот. Ага Махмуджан Рузиметов жардам берген. Жалпысынан Габбазов кримтобуна 4 кишинин өлүмү илинет дагы, москвалык киллер Ждановго өлүм жазасы өкүм чыккан. Махмуджан көп жылга соттолот. Рустам сотко катышпай эле, Москвага агасынын жанына качат. Ошол жерде жүрүп 1996-жылы Украинанын Днепропетровск шаарында баягы эле Цихелашвили Датиконун (Дато Ташкентский) катышуусунда “вор” болуп шайланат. Датиконун достору болгон 5-6 “вор” да макулдугун беришет дагы Рустамга “Рустик Днепропетровский” деген каймана ат ыйгарылат. Ошентип Рустикти мекенинде издөө салынып, Россияга запрос жөнөтүлө баштаганда ал 1997-жылы пистолет менен “кармалып” ал жактын түрмөсүндө отуруп калат. 1-2 жылдан кийин бошонуп чыгат. Ал эми кылмыш дүйнөсүнө “Боб” деген каймана ат менен белгилүү болгон Махмуд Рузиметов кийин Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө күнөөлөнүп түрмөгө жабылган 4 кишинин бири. Апрель окуясынан кийин бул төрттөө тең биринин артынан бири бир жуманын ичинде табышмактуу өлүм тапкан. Кээ бири асынып “өлсө”, кээ бири ич ара разборкада өлгөн. Мадмуджандын башта аты аталган иниси Ахмет Рузиметов 2002-жылы “Чыгыш-5” кичирайонунан үйүнө кирип баратканда кол салуу болуп, пистолеттен атылган 8 ок тийсе дагы Ахмет реанимацияга түшкөн. Ошол бойдон Ахметтен дайын жок. Баса, Рузиметовдордун Баратжан дегени да болгон. Ал азыр тирүүбү-өлүүбү белгисиз. Бирок ал убагында Чечнядан келген чечендер менен жакшы ымалада болгону маалым.
Аскар Акаевдин баласы Айдар чоңоюп, көөп, байып баштаганда өзүнө команда чогулта баштайт. Бабанов сыяктуу бизнестеги досторунан башка кримдүйнөдө да таасирин күчөтөт. Рустик менен достошот. Жаштары да тең чамал.
(уландысы кийинки санда)
Эркин журналист Семетей Талас уулу
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ