Menu

Фото – Дача Су айылында авиакырсыкта каза тапкандарга орнотулган эстеликтин ачылышы болду

Бөлүшүү:
Чүй облусунун Дача Су айылында бүгүн, 13-январда, 2017-жылдын 16-январында трагедия болгон жерге авиакыйроонун кесепетинен каза тапкандарга эстелик ачуу иш чарасы өткөрүлдү. Бул тууралу КР президентинин басма сөз кызматы билдирет.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Мухаммедкалый Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү, каза тапкандардын туугандары жана жакындары, жабыркагандар, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат, волонтерлор, авиакырсыктын кесепеттерин жоюуда жардам көрсөткөн тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты.
 Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Мухаммедкалый Абылгазиев  кырсык болгон алгачкы  мүнөттөн тартып өлкөнүн жетекчилиги жабыркагандарга жардам берүү маселесин жеке көзөмөлгө алып, өкмөттүк комиссия түзүлгөндүгүн белгиледи. Жабыркангандардын бардыгына тез арада жардам  жана колдоо көрсөтүлгөн.
Аткарылган иштердин жыйынтыгында 135 тынчтык макулдашууга кол коюлуп, анын алкагында жабыркаган бардык жарандар жана каза тапкандардын туугандары Түркия тараптан тиешелүү компенсациянын суммаларын алышты. Кыргыз Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  атайын эсебине түшкөн 102 млн. сом суммасынан ашык  каражаттар жабыркагандардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ачык-айрым бөлүштүрүлгөн.
«Бул кырсык Кыргызстан элинин биримдигин жана достугун дагы бир ирет айгинеледи. Кырсыкка кайдыгер караган адам болгон жок. Бирөөлөр ысык тамагын алып келсе, башкалары жылуу кийим алып келишти. Кичинекей балдар оюнчуктарын берсе, пенсионерлер пенсиясын берип жатышты. Кайрымдуулугу үчүн бардыгына ыраазычылык билдиребиз”, -деди  ошол кезде  Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри катары өкмөттүк комиссияны жетектеген Мухаммедкалый Абылгазиев.
Демилгечи топтун, волонтерлордун  кошкон  зор салымын белгилеп, аларга өзүнчө ыраазычылык билдирди.
 Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Мухаммедкалый Абылгазиев кыргызстандыктар менен кошо бул кырсыктын оорчулугун тең көтөрүшкөн Түрк тарапка дагы ыраазычылыгын айтты.
Авиакыйроонун кесепетинен жакындарынан ажыраган Венера Шейшенова жабыркагандардын жана  алардын туугандарынын Өкмөттүк комиссияга эч кандай дооматы жок экендигин белгиледи. Жабыркагандар туш болгон маселелерди жана кыйынчылыктарды чечүүдө Өкмөт ар тараптуу колдоо жана жардам көрсөткөндүгүн баса белгиледи. Ал коомчулукту, жалпыга маалымдоо каражаттарын кырсыкты саясатташтырбоого чакырды, анткени ал билдирүүлөр кырсыкта жабыркагандарга катуу тийип жатат. Венера Шейшенова  жабыркагандарга жана алардын туугандарынын башына оор мүшкүл иш түшкөндө колдоо көрсөткөндүгү үчүн бардык жарандарга, эл аралык уюмдарга, Өкмөткө, волонтёрлорго терең ыраазычылык билдирди.
Самолёттун кыйрашынын кесепетинен Кыргызстандын 34 жараны, экипаждын 4 мүчөсү – Түркиянын жарандары  каза тапкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: