Бүгүн, 8-июлда эртең менен, саат 7лерде Бишкек-Токмок автожолунун 55-километринде, айланма жолдо «Тойота Авенсис» автоунаасы жол четиндеги тосмону (бордюр) сүзүп, жыйынтыгында 3 адам каза тапты. Дагы бир кыз ооруканага түштү. Бул туурасында Чүй областтык ички иштер башкармалыгына караштуу патрулдук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Автоунаанын ичинде 2 жигит, 2 кыз болгон жана алар Ысык-Көлдөн Бишкекке кайтып келе жатышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ