Ош улуттук драма театрынын артисти Нурия Алимбаева узак оорудан кийин 12-ноябрда көз жумду. Нурия театр сахнасында гана ойнобостон, бир катар кыргыз тасмаларына да тартылган. Кесиптеши Топчубай Досбаевдин айтымында, Нурия шаардык, республикалык жана эл аралык деңгээлдеги иш-чараларда өз чеберчилигин көрсөтө алган бирден бир өнөрлүү кыздарыбыздын бири болгон.
Акыркы сапарга узатуу зыйнаты 13-ноябрда 14:00дө болуп, сөөгү Кара-Суу районунун Мамажан айылына коюлат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ