Menu

Казак өкмөтүндө министрлер алмашты

Бөлүшүү:

Казакстанда Кайрат Абдрахманов тышкы иштер министри болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө президентинин басма сөз кызматы билдирди. Кечээ Нурсултан Назарбаевдин жарылыгы менен “башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу” Ерлан Идрисов ТИМ башчылыгынан бошотулган.

Абдрахманов буга чейин Казакстандын БУУдагы элчиси болгон.

Ерлан Идрисов 2012-жылдан бери тышкы иштер министринин кызматын аркалаган.

Улуттук экономика министрлигине Казакстандын Экономикалык жана финансылык саясат боюнча коллегиясынын мурдагы мүчөсү Тимур Сулейменов дайындалды.

Буга чейин аталган кызматты Куандык Бишимбаев жетектеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: