Menu

Видео – Дастан Жумабеков, спикер: “Абдыкадыр Орозбеков 1925-жылы Кара кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитетинин алгачкы төрагасы, азыркыча биринчи мамлекет башчысы болуп шайланган”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков белгилүү мамлекеттик жана коомдук-саясий ишмер, өз заманынын өрнөктүү өкүлү улуу тарыхый инсан Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык маарекесине арналып, Жогорку Кеңеште өткөрүлүп жаткан илимий-тажрыйбалык конференцияга катышты.

Анда Абдыкадыр Орозбековдун мамлекет үчүн жасап кеткен иштери, жараткан ийгиликтери элибиздин эсинен кетпей, урпактары үчүн азыркыга чейин үлгү болуп кала берерин белгилеген Төрага Дастанбек Жумабеков: “Ал Кыргызстандын коомдук-саясий турмушуна жигердүү аралашып, жаӊы доорго кадам шилтеген жаш өлкөнүн өнүгүшүнө зарыл болгон өрнөктүү жумуштарды жасаган. 1920-жылдары айылында, районунда революциячыл комитеттерди башкарып, кийинчерээк Ош округдук эмгекчилер кеңешинин жер бөлүмүн жетектеген. Жер реформасы деп тарыхка кирген мына ушул оор, опурталдуу жумуштун аркасында Абдыкадыр Орозбеков олуттуу иштерди аткарган. Иш билги, дилгирлигинин арты менен 1925-жылдын 31-мартында Кара кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитетинин алгачкы төрагасы болуп шайланып, азыркы көз караштан алганда биринчи мамлекет башчысы катары өз кызматына киришкен.  Ошондон тарта 1937-жылдын октябрь айыны чейин мамлекеттик жетекчилик кызматтарды аркалап, өзүнүн ар тараптуу акылман, көрөгөч көсөм инсан экендигин көрсөтө алган”, – деди.

Ошондой эле Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдырахманов, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов өңдүү элибиздин эр азамат уулдары менен эриш-аркак иштешкенин эске салган Дастанбек Жумабеков: “Адилеттик менен мекенчилдикти бийик тутуп, баштаган ишинин өтөөсүнө чыкканды адатка айланткан атабыз, ар убак улуттук кызыкчылык үчүн күрөшкөн. Ушундан улам, болоттой курч, эрктүү кыргыз уулу Абдыкадыр Орозбековду азыркы эгемен мамлекетибиздин пайдубалын түптөп, кышын кынаган  ишмер катары тааныганыбыз оӊ”, – деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттардын, Өкмөт өкүлдөрүнүн жана бир катар коомдук-саясий ишмерлердин катышуусунда белгилүү мамлекеттик жана коомдук-саясий ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына арналган илимий-тажрыйбалык конференция өтүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: