Ош облусунун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү алдында калган адамдардын жакындарынын кайгысын тең бөлүшкөн Баткен облустук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери, үстүбүздөгү жылдын 3-май күнү жалпы чогулуш өткөрүп, 29-апрелде болгон кырсыкта курман болгондордун жакындарына жардам иретинде бир күндүк айлык акысын которууну чечишти. Бул тууарсында Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы маалымдады.
Эске сала кетсек, 29-апрелде аталган кыштакта тоонун боорунан көлөмү 200 миң метр куб жер көчкү түшүп, жети үйдөгү 24 адамды басып калган. Казуу иштери жүргүзүлүп, жалпысынан 8 адамдын сөөгү табылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ