Menu

Соттор Авазов менен Абакировдун шектүү жоруктары ачыкталабы?

Бөлүшүү:

«Азия Ньюс» гезитине каршы Ахматбек Келдибеков даттанып, бул боюнча Октябрь районунун соттору Мирзат Авазов менен Кайсын Абакиров ишти карап, 2 миллион сом айып пул салып коюшкан. Мунун өзү сөз эркиндигин жана демократияны тебелөө катары бааланууда. «Азия Ньюс» гезити соттордун мыйзамсыз чечимине макул эместигин билдирип, шаардык сотко кайрылды.

Тагдырдын тамашасын кара. 2016-жылы 11-апрелде «Ахматбек Келдибеков Соцфондду жетектеп турганда мыйзамды одоно бузган» деген таризде шаардык соттор Бекболот Жаналиев, Кайсын Абакиров жана Ирина Воронцова 10 миллион сом айып пул салышыптыр. Эгерде Келдибеков мойнуна илинген 10 миллион сомду «саясый заказ» катары бааласа, анда Абакировдун кайсы абийирин айтабыз? Же ал ошол кезде мыйзамдуулукту сактап, эми айнып кетип атабы? Натыйжада, адилетсиз чечимдерди чыгарган «кол жоолук» катары сыпатталабы? Бул сотко убагында кылмыш иштери козголгону ыраспы? Кантип «суудан кургак» чыкканы боюнча иликтөөгө алмакчыбыз. Баса, Абакиров университеттин Караколдогу филиалын жетектеп, бирок, жаза басып, коллективи менен иштеше албай, аз убакыттан кийин ызы-чуунун коштоосунда Бишкекке качып кеткени чынбы? Мунусун да тизмектейбиз.

Ошентип, «Азия Ньюска» Кайсын Абакиров менен Мирзат Авазов 2 миллионду негизсиз жагдайда илип коюшуп, «мурдуларын балта кеспей» басып жүрүшөт. Айтмакчы, Мирзат Авазов жакында эле Октябрь райондук соттон орун которуп кетти. Бул эргулдун да Оштогу шектүү жоруктары ачыкталабы? Кызуу кеп али алдыда…

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: