Menu

Равшан Жээнбеков: “Кээде жубайыма эртең менен кофе кайнатып же тамак жасап берем”

Бөлүшүү:

Равшан Жээнбеков учурдагы саясий кырдаал жана үй-бүлөсү, жеке турмушу жөнүндөгү суроолорго жооп берди.    

—2010-жылдагы революцияга салым кошкондордун арасында жүрүп, бирок кызматка тартылбаганыңызга өкүндүңүз беле?
—Адатта революцияга аралашкандар, мамлекеттик бийлик алмашканда биздин же башка мамлекеттердин тарыхында деле,  четте калып, бийлик алмашуунун пайдасын айрым гана адамдар көрөрү белгилүү.  Азыркы бийликтин пайдасын президент Атамбаев жана ага жакшы кызмат кылып жаткан мурдагы бийлик өкүлдөрү көрдү. Бакиевге кызмат кылгандар азыр Атамбаевге кызмат кылып жатышат. Ал эми Атамбаев менен  пикирлеш, санаалаш болгондор бийликтен сырткары эле калып калбастан, түрмөдө олтурушат.  Текебаев Атамбаев тарабынан  түрмөгө отургузулат деп ким ойлоду эле? Кубанычбек Кадыров 2007-2008-жылдары Атамбаев үчүн качууга мажбур болгон, азыр аны түрмөгө камашты.  Жалал-Абаддын мурунку губернатору Бектур Асанов түрмөдө  олтурат. Бийликке келген адам адатта тегерегиндеги адамдардан арылат, азыр да ошондой болууда.  Мурда Атамбаевди саясий аренадан жок кылууга  аракеттенгендер бүгүнкү күндө анын тегерегине олтуруп калышты. Жалпысынан азыр деле Бакиевдин саясаты жүргүзүлө баштады.

— Францияда Макрондун келиши менен үй-бүлөдөгү аялдын ролу,  үй-бүлө маселеси көп эле көтөрүлүп жатат. Буга кандай дейсиз?
—Европадагы демократиялык мамлекеттерде, Японияда  үй-бүлөнүн ролу абдан маанилүү. Эгерде саясатчы маанилүү, көрүнүктүү кызматка, саясий кызматка шайлана турган болсо, анда  алардын үй-бүлөсүнө чейин коом аябагандай жиликтеп чыгат. Кызматка келүү дымагын билдирген күндөн баштап аялы, бала-чакасы жиликтелип, изилдене баштайт.  Саясатка бара жаткан адам үй-бүлөнү туу тутат. Биздин саясатта үй-бүлөнүн ролу бир аз төмөнүрөөк. Биздин коомчулук көңүл бөлбөйт. Үй-бүлө мүчөлөрү, бала-чакасы саясатка жашыруун гана кийлигишпесе, ачык саясий талаада, кандайдыр бир ЖМК каражаттары аркылуу саясатка кийлигишпейт. Албетте, кызыккан учурлар болот, бирок коомго мунун мааниси азыраак. Экинчиден, биздин коом аялдардын, саясатчылардын аялынын саясатка аралашышын каалабайт. Тескерисинче, саясатчылардын аялы кандайдыр бир маселеге аралаша турган болсо, коом аны тескери  кабыл алат. Саясатчылар да ошого жараша үй-бүлөсүн көрсөтпөгөнгө үйрөнүп калган. Ошондуктан аялыбыз саясатка аралашпай, көлөкөдө гана туруп жатат.

—Ал эми өзүңүз көп жылдардан бери айтып келаткан административдик реформаны ишке ашыруу үчүн келерки президенттик шайлоодо талапкерлигиңизди коер белеңиз?
—Ар бир саясатчы саясатка келатканда чоң максаттар менен келет.  Менин да өз амбициям бар. Бул—президент же премьер болуу. Бирок учурда коом маанилүү өзгөрүүлөргө, сот  реформасына, келечекте президенттик бийликти жоюуга, экономикалык талаптарды ишке ашырууга даяр болгондо гана өз талапкерлигимди коем. Коом азыр өзгөрүүнү каалайт, тилекке каршы, кандай өзгөрүүнү каалаганын билбейт. Коом мага окшогон саясатчыларга учурда муктаж эмес.

Оппозиция бирдиктүү бир же бир нече талапкерди алып чыгабы?
—Оппозиция бирдиктүү талапкер алып чыкса, анын көз карашын туура тапсам, анда мен да колдоп чыкмакмын.

—Жубайыңыз билимдүү экенин билебиз, анда эмнеге аны иштетпей койдуңуз?
—Келинчегим иштейт, чакан бизнесибизди караган деле чоң кызмат болуп эсептелет. Экинчиден, үй-бүлөдө эң маанилүү иш бул балдарды тарбиялоо. Бул кызматтан да, бизнестен да жогору турган нерсе. Баланы жакшы тарбиялоо, аларга күнүмдүк камкордук көрүү толугу менен келинчегимдин мойнунда. Өткөн жылы кызым турмушка чыккан, алар АКШда, Чикаго шаарында жашайт.  Күйөө балам компьютер жагынан, кызым мейманкана адистиги боюнча окууларын бүтүп жатат. Кызымдын АКШда жашаганына 10 жыл болуп калды. Келечекте ресторатор же мейманкана адистиги боюнча адис болсом дейт.

—Бир канча жыл чет мамлекетте жашап келдиңиздер. Бул жашооңорго жаңылык киргиздиби?

—Чет мамлекеттерде жашап жүрүп маанилүү нерсени үйрөндүм. Биз үй-бүлөдө ата-эненин басымы менен жашайбыз. Ата-эне балдарды башкарып, кандайдыр деңгээлде басым, тыюу салып, өз алдынчалуулукка, эркиндикке жол бербейт экенбиз. Мен Америкадан балдарга эркиндик бергенге, өз алдынча болууга шарт түзүүгө үйрөндүм. Бала жаш кезинен эркин, өз алдынча болбосо, чоңойгондо да ошондой нерселерди билбей калат. Менин көз карашымда, адам эркин жана өз алдынча болсо, ийгиликке жетишет. Ошон үчүн кийинки балдарымды эркин, өз алдынча болууга тарбиялоого аракет кылып жатабыз. Балдарым төрт тил билет,  уулум дагы АКШда финансылык компанияда иштейт.
Англис тили күчтүү адис болом дегендерге керек. Мен да дүйнөлүк алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарын англис тилинде окуп турам. Күнүгө 2-3 сааттан окуйм.

—Акчаны көп табуу — эрдик, аны сактоо акылмандык, ал эми орду менен коротуу искусство дешет экен. Бул жагынан кандайсыз?
—Мен акчаны көп тапкан кишимин деп айта албайм, анткени ишкерликке анчалык кызыкпайм, саясатка, мамлекеттик башкаруу маселесине өмүрүмдү арнагам. Биздин акчабыздын көбү балдарды окутууга, жаңы нерселерди үйрөнүүгө кетет, анан кандайдыр бир бөлүгү менин саясаттагы иштериме жумшалат. Жубайым менин саясаттагы көз карашымды, ишимди колдоп келет. Бул жагынан абдан ыраазымын. Күйөөсүнүн ишин аялы колдобой турса, жаман да.

—Саясатчыга жаман-жакшы сөз жабышат, бул учурда жубайыңыз кандай реакция кылат?
—Ооба, кээде туура сын айтылат,  кээде жалган нерселер айтылып калат, бирок менин жубайым эч убакта сен тууралуу жаман нерсе окудум деп айтканын уга элекмин.

—Анткени жаш убакта Ак үйдү жетелешип айланып, ушул жакта иштесек деп кыялданчусуңар да?
—Мен эмес, Салкынай ошентип кыялданчу. Биз жаш  убагыбызда, 19 жашта үйлөнгөнбүз. Бирге түтүн булатканыбызга 30 жыл болуп калды. Жаш кездердеги ойлогон максатыбызга кандайдыр бир деңгээлде жеттик, эми дагы жаңы максаттарыбыз бар. Дегеле адам бир нерселерди жасап, артымда мен тууралуу жакшы иш калсын эл эскере тургандай дейт эмеспи. Экинчиден, балдарды жакшы тарбиялоо. Биз кээ бирин ишке ашырып, улам жаңы максатка умтулуп келебиз.

—Саясатчылар бири-бири менен үй-бүлөлүк катышта болушабы?
—Көп мисалдардан улам билдим, боло алышпайт экен. Кызматта жүргөн кезде катышып, кызматтан тїшкөндөн кийин байланышпай, бирин-бири жамандап калганын көрдүм. Ошондуктан биз бала кездеги, жаш убактагы саясаттан алыстагы достор менен катышабыз. Бир гана Өмүрбек Абдрахмановдун үй-бүлөсү менен мамилебиз өтө жакын болбосо дагы, жакшы.

—Үй-бүлөлүк турмушта кээде романтик боло каласызбы?
—Саясатта жаман-жакшыны көрүп калган адам катары романтик эмесмин. Анда-санда майрамдарда же жөн эле көчөдө баратып эсиме түшө калып, келинчегиме гүл алып келем.  Кээде тамак жасайм. Эртең менен кофе кайнатып же тамак жасап берем. Кээде киного кетип калабыз. Ошондуктанбы, ал мени романтиксиң деп келет. Үй жумуштарынын башкасына жардам бере албасам дагы көңүлүм келгенде келинчегиме, балдарыма тамак жасап берем. Эт кармаганды, тооктон баштап жылкыга чейин сойгонду билем. Кой союп, жиликтеп, бешбармак, кесме, куурдак, чучук жасайм. Конок келгенде өзүм бешбармак бышырып, устукан тартып же палоо басып бере алам. Жасаган тамактарымды келинчегим да жактырат, балдарым дагы.

—Спорт менен машыгасызбы?
—Ооба. Бульварды айланып, күнүгө 5-6 чакырым чуркайм. Турникке 10 жолу тартыла алам, бул менин курагымда жакшы жетишкендик. Фитнес залга барам, тамакты тандап жейм. Анан аялым жакшы карайт (күлүп). Биз турмушка философиялуу караганды, кейибегенге, топуктуу болууга, жулкунбай, алдастабай, алдыга жылып, кудай бергенге ыраазылык билдирип жашоого үйрөндүк.

Булак: “ПолитКлиника”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: