“Бабанов эч жакка качкан жок, ал элдин биримдигин сактоо үчүн өлкөдөн чыгып кетти. Атамбаев бир акмакчылык кылды, акмакчылыгы ошол, “Бабанов кылмышкер!” деген сөздү айтканынын өзү уят. Анткени Бабанов андай кылмышка барган эмес”, – деп билдирди бүгүн, 5-апрелде Таласта өткөн маалымат жыйынында “КР Элдик революциясы” коомдук бирикмесинин төрагасы, Апрель Баатыры Кангелди Биймурзаев.
“Эгер кылмышкер дей турган болсо Атамбаев өзүнүн учурунда дүйнөгө аты чыккан кылмышкер Ахмат Бакиевди коё бердирди, кримдүйнөнүн лидери Баткуаевди коюп жиберип жатат. Мына ошолорду коюп жиберген Алмаз Атамбаевдин өзүн түрмөгө олтургузуш керек эле. Ал кишиге боло береби, адам айтпай турган сөздөрдү айта берет, мына, биз, Таластыктар үчүн эмне деген жаман сөз айтып койду. Ошол сөзү үчүн чоң жооп бериши керек эле. Нарындыктарды эмне кылды, аларга эмне деген жаман сөздөрдү айтты, өзүнүн саясый атаандаштарына эмне деген сөздөрдү айтып жатты. Алар падышанын айта турган сөзү эмес болчу. Өзү мына ушундай жаман иштерге барып алып, анан актан ак, кыргыз элинин керегине жарай турган Бабанов уулубузду жаманатты кылып койду”, – деди Апрель Баатыры Кангелди Биймурзаев.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ