Буга чейин Исхак Масалиев, Алтынбек Сулайманов ж.б. депутаттар спикер Дастан Жумабековдун деңгээли жок экенин, регламентти, мыйзамдарды билбегенин айтышып, кескин түрдө сынга алышкан. «Балык башынан сасыйт» дегендей, парламенттин төрагасы эң жөнөкөй маселелерден чалынып, элге күлкү болуп атса, кантип бийликке аброй алып келсин? Ансыз да Жогорку Кеңештеги дээрлик көпчүлүк депутаттар өз көмөчтөрүнө күл тартышып, элге жек көрүнүп келатканын тана албайбыз. Мындай шартта ат тизгинин шарт бурган, үмүт берген, жаңы идеялар менен карапайым калкка үлгү көрсөтө турган спикер болушу керек эле. Болбоду андай. Тилекке каршы, төрдө отурганыбыз «үйлөгөн табарсыктай» өңдөнөбү ыя? Ар нерсеге «чычаңдай» жооп берип, чычалап кеткенин кантесиң? Дастан Артисбекович арыдан бери болуп, өз деңгээлин сезип, катардагы эле кошоматчылардын сабына тизилсе болмок. Төрдө отуруп эмне кылат? «Чимкирик парламент» аталды. Ансыз да эл аралык алкакта Жумабеков спикер катары жалтаңдап, алгылыктуу мамилелерди түзө албай, аксап келет.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ