Menu

Видео – Бегалы Наргозуев, экс-депутат: “Депутаттар 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо кайсы партия, кандай тизме менен өтөрүн Раим миллион чечет деп эле дүрбөп, Кара-Сууга барышты”

Бөлүшүү:

“Кечээ, 1-май күнү Ош облусунун үч районунда кыргызга төбөсү көрүнгөн үч жигит атасына аш берип, той берип эртеси байге сайып, спорттук оюндардын мелдештерин өткөрүштү. Өзгөн районунда “Бир болчу” депутат Улукбек Ормонов, Ноокат районунда КСДПчы депутат Төрөбай Зулпукаров, Кара-Суу районунда Раим миллион баш болгон бир тууган Матраимовдор атасына аш берип, спорттук иш-чараларды уюштурушту”, – деп билдирди бүгүн, 2-майда экс-депутат Бегалы Наргозуев.
“Бирок, Өзгөнгө, Улукбек Ормоновдун атасынын ашына өзгөндүк депутат Аида Касымалиевадан башка барган депутат көрүнбөдү. Ноокатка, Төрөбай Зулпукаровго барган депутаттар дегеле болгон жок. Ал эми Кара-Сууга Раим миллиондун атасынын ашына парламенттин жарымы көчүп баргандай болду. Ошол күнү Бишкектен Ошко учкан депутаттардын көптүгүнөн самолетторго билет тартыш болуп, чартердик рейстерге учурулганы угулду. Эмне үчүн депутаттар өздөрүнүн коллегалары Ормонов менен Зулпукаровдун аталарынын ашына Раим миллиондой агылып барышкан жок да Кара-Сууга жабыла көчүп барышты? Мунун сыры оңой эле ачылат. Анткени 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Раим миллион Атамбаевдин жанында болгон. Ал эми Атамбаев парламентке кайсы партия кандай тизме менен өтөрүн чечкен. Атамбаев бата берген партиялар гана парламентке өтүшкөн. Анын алдында партиялар Атамбаев менен өзүнүн партиялык талапкерлеринин тизмесин макулдашкан. Атамбаевге жакпаган 20дан ашык саясатчылар партиялардын тизмесинен Улукбек Кочкоров сыяктуу чийилип салынган. Ошондон кийин гана Атамбаевден бата алышып, парламентке өтүп келишкен”, – деди Наргозуев.
“Эми кийинки 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоодо президент Сооронбай Жээнбеков өзү “президенттик партия түзүп, шайлоого катышпайм, шайлоону таза өткөрүп берем” деп жатканынан улам айрым таасирдүү күчтөр Раим миллиондун каржылык колдоосу менен партия түзүп, шайлоого катышууга камданып жатышат. Ошондон улам, эки айдан бери “2020-жылдагы парламенттик шайлоодо кайсы партия, кандай партиялык тизме менен өтөрүн Раим миллион чечет экен” деп саясатчылар тымызын уу-дуу болуп дүрбөп жүрүшөт. Мына ошол себептүү кечээ эле парламентте Раим миллиондун дарегине акараат айтып жүргөн депутаттар бүгүн Кара-Суудагы анын тоюнда табакташ болуп олтурушат. “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматов баш болуп, уят-сыйытты жыйыштырып коюп эле Раим миллиондун ырайымына татып, кийинки парламенттик шайлоонун тагдырын ойлоп жүрүшөт”, – деди Бегалы Наргозуев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: