Menu

Аида Касымалиева, вице-спикер: “Жалил Атамбаевдин айыбы аныкталса, чыгымды төлөп берип, өзү камалышы зарыл”

Бөлүшүү:

– Аида айым, журналист Ыдырыс Исаковдун маселеси боюнча парламентте сөз сүйлөп, парламент өз күчү менен эч нерсеге жетише албаганын, коомдогу орчундуу маселелерди журналисттер көтөрүп, коомчулук социалдык тармактарда жазып чыккандан кийин гана реакция жасап жатканын айтып, кесиптештериңизди айыптадыңыз. Бул парламенттин алсыздыгыбы?

– Ыдырыс Исаков боюнча маселеге чынында эле биринчи журналисттер коомчулугу, жарандык коом реакция жасады. Ал эми парламент реакция жасады, бирок кечигип. Ошол эле уран маселеси боюнча да социалдык тармактарда көтөрүлүп, талкуу болгондон кийин, эл митингге чыккандан кийин парламент тараптан реакция болду. Мен жыйында ошол пикирди айттым. Экинчиден, Ыдырыс Исакобду сотко берген доогердин арызын кайрып алышы, албетте, журналисттердин, жарандык коомдун жеңиши болду. Бирок, бул аягына чейин жеңиш деп айтууга жатпайт. Анткени, биз чын эле ошол журналисттик иликтөөдө көрсөтүлгөндөй, салыктар эмнеге төлөнбөй жаткан, көмүскө акчалар кайда кеткен, баары изилденгенден кийин, ал адам жазасын алгандан кийин гана «жеңишке жеттик» деп айта алабыз. Үчүнчүдөн, биз дайыма ар тараптуу, маалымат так берилген, баардык фактылар такталган журналисттик иликтөөлөрдү колдошубуз керек. Бул чын эле күрөш. «Коррупция менен күрөшөбүз» десек, бул биз үчүн 90 пайыздык жардам болуп берет.

– Кабарчынын окуясынан кийин журналисттер коомчулугу, жарандык коом президент Жээнбековго чейин кайрылып, аны коргоого чакырышты, петицияга кол чогултуп кирипгги. Мындан улам, бул жерде журналисттин, сөз эркиндигинин маселеси биринчи орунга чьпып, коррупция, көмүскө ишкерчилик маселеси кийинки орунда калып калган жокпу?

– Мен да дал ушул пикирди айттым. Парламент өзүнүн ролун аткарыш керек. Азыр экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы иликтөө жүргүзүп жатат. Ошол иш менен парламент, анан өкмөт тыгыз кызматташуусу кажет. Эмнеге дегенде, Ыдырыстын иликтөөсүнөн айрым депутаттарга, мага да көп адамдар кайрылышты. «Биздин акчаларды алып, үйүбүздү бүтүрүп бербей жатат» дегендер көп болду. Ал үйлөрдү курган компания ишкер Жалил Атамбаевдики экен. Бул боюнча менде да материалдар бар, акырына чейин чыгарышыбыз керек.

– Атамбаевге кандай чаралар болушу керек?

– Иликтөө бүткөндөн кийин анын айыбы аныкталса, мамлекетке чыгым төлөнүп берилип, өзү камалышы керек. Бир гана Жалил Атамбаев коррупциянын символу катары кармалып, камалып кетпей, ири салыктарын ушинтип жаап келатышкан ондогон ишкерлердин да жоопкерчилиги каралышы зарыл. Анткени, алар төлөбөй жаткан салыктар, каражаттар бюджетке түшкөндө, мектептер курулмак, билим берүү тармагындагы көйгөйлөр акырындап жоюлмак, саламаттык сактоо тармагы жакшырмак, коррупция менен
чыныгы күрөш болмок.

– Билим берүү тамагы демекчи, билим берүү жана илим министрлигиндеги коррупциялык иштер, чоң суммадагы каражаттардын ысырап болушу, бюджетке зыян келгени боюнча көптөн бери айтылып келет. Бирок, эмнеге бул тармакта эч кимдин жоопкерчилиги каралбайт, министр кызматтан алынбайт?

– Министр айымдын колдоочусу ким экенин айта албайм. Бирок, оркойгон каталардан сөзсүз түрдө жыйынтык чыгышы керек эле. Сөгүш береби, кызматтан алабы – бул өкмөт башчынын иши. Парламентте улам айтылып эле келатат, бирок, жыйынтык жок. Кечээ жакында Чаткалдагы Беш-Арал кенин казуу боюнча дагы маселе чыкты. Айлана-чөйрөйү коргоо агенттигинин башчысы Рустамовдун жумуштан кетирилиши боюнча коопсуздук кеңешинин сунуштамасы келди. Ошого карабай, ал дагы кете элек.

– Социалдык министрликтеги коррупцияны казып чыккансыз, жыйынтык чыкты. Азыр социалдык министрлигиндеги абал кандай болуп калды?

– Ал жерде абал бир аз жакшырды. Министр элге жакын, ачык болуп жатат. Бирок, жөлөк пул боюнча мыйзамда дагы деле көйгөйлөр көп. Элдин эң жакыр катмары жөлөк пулду албай калып жатат. Былтыр 1 млрд. 300 млн. сом жөлөк пул элге берилбей, үнөмдөлгөн. Ошол акчага «унаа алабыз» деп чыгышты эле, ошондон жаңжал чыккан.

Ал эми коррупциялашкан мекеме-ишканалар бар. Чаткалдагы кенде коррупция өтө көп. Тыңгылыктуу реакция болбой жатат. Бир жыл мурун баргам. Вице-спикер болгондон бери жолугушуулар, тегерек үстөл, жыйындар көп болуп, алагды болуп кармалып калып жатам. Жакында дагы барам. Негизи коррупцияга баткан ишканадагы жетекчи кызматтан кетип, бирок, ал жердеги коррупция жоюлбай калса, артынан келген адам системаны ондоп кетпесе, канааттануу болбойт.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: